Муниципалдык ишканалар
- Башкы
- Муниципалдык ишканалар
Муниципалдык ишканалар
Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык ишканалар калкка кызмат көрсөтүү, аймактын инфраструктурасын тейлөө жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү багытында иш алып барат.
“Жылалды” муниципалдык ишканасы
“Жылалды” муниципалдык ишканасы 2024-жылдын 24-июнунда мамлекеттик каттоодон өткөн. Ишкананын негизги иш багыты — суу топтоо, иштетүү жана бөлүштүрүү, башкача айтканда калкты суу менен камсыздоо.
Пирматов Альберт Нурмаматович
“Жылалды” МИ жетекчисиИшкананын негизги маалыматтары
Ишкананын кызмат көрсөтүү багыттары
Калктуу конуштардын тазалыгын камсыздоо жана санитардык абалды жакшыртуу багытында иш алып барат.
Калкты таза суу менен камсыздоо, суу түтүктөрүн тейлөө жана суу менен камсыздоо системасын көзөмөлдөө.
Айыл чарба жана жайыт пайдалануу боюнча жергиликтүү деңгээлде тейлөө иштерин жүргүзүү.
Сугат жана агын суу боюнча жергиликтүү инфраструктураны тейлөө жана пайдаланууга көмөк көрсөтүү.
Жетекчи жөнүндө кыскача маалымат
Пирматов Альберт Нурмаматович 1987-жылдын 27-июнунда Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жылалды айылында туулган. Жогорку билимдүү, 2009-жылы Ош мамлекеттик университетин экономист адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолу боюнча 2024-жылдын 17-ноябрынан тартып “Жылалды” муниципалдык ишканасынын жетекчиси болуп иштеп келет. Кыргыз жана орус тилдерин эркин билет.
Техникалык базасы
Жогорудагы техникалар айыл өкмөтүнүн жана муниципалдык ишкананын кызматтык иштерин аткаруу үчүн колдонулат.