Географиялык абалы жана демография
- Башкы
- Географиялык абалы жана демография
Географиялык абалы жана демография
Төрт-Көл айыл аймагы Өзгөн районунун түндүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Аймак 13 калктуу конушту бириктирип, жалпы калктын саны 28 191 адамды түзөт. Айыл аймактын административдик борбору Жылалды айылында жайгашкан.
Аймактын жайгашуусу
Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтү 2024-жылы март айында уюшулган. Айыл аймак Өзгөн районунун түндүк-чыгыш тарабында жайгашып, райондун борборунан болжол менен 8 чакырым алыстыкта орун алган. Деңиз деңгээлинен бийиктиги 720 метрди түзөт.
Демографиялык көрсөткүчтөр
Төрт-Көл айыл аймагынын курамына 13 айыл кирет. 2026-жылдын 1-январына карата аймактагы кожолуктардын жалпы саны 5 574, ал эми калктын жалпы саны 28 191 адамды түзөт. Анын ичинен эркектер — 14 630 адам, аялдар — 13 561 адам.
Калктуу конуштар
Жаш курагы жана улуттук курамы
Аймакта 0–15 жаштагы балдардын саны 8 856 адамды түзөт. Эмгекке жарамдуу курактагы эркектер — 9 222 адам, аялдар — 8 134 адам. Улуттук курам боюнча калктын негизги бөлүгүн кыргыздар түзөт.