Муниципалдык ишканалар

Муниципалдык ишкана

Муниципалдык ишканалар

Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык ишканалар калкка кызмат көрсөтүү, аймактын инфраструктурасын тейлөө жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү багытында иш алып барат.

Муниципалдык ишкана

“Жылалды” муниципалдык ишканасы

“Жылалды” муниципалдык ишканасы 2024-жылдын 24-июнунда мамлекеттик каттоодон өткөн. Ишкананын негизги иш багыты — суу топтоо, иштетүү жана бөлүштүрүү, башкача айтканда калкты суу менен камсыздоо.

Каттоо номери305250-3306-МП
ИНН02406202410448
ОКПО33106794
Менчик формасыМуниципалдык
Ишкана жетекчисинин сүрөтү

Пирматов Альберт Нурмаматович

“Жылалды” МИ жетекчиси

Ишкананын негизги маалыматтары

Толук аталышы “Жылалды” муниципалдык ишканасы
Расмий тилдеги аталышы Муниципальное предприятие “Жылалды”
Уюштуруу-укуктук формасы Муниципалдык ишкана
Юридикалык дареги Ош облусу, Өзгөн району, Жылалды айылы, А. Эсеналиев көчөсү, №12
Байланыш телефондору 0772 62 03 53, 0773 55 05 15
Негизги ишмердүүлүгү Суу топтоо, иштетүү жана бөлүштүрүү

Ишкананын кызмат көрсөтүү багыттары

Тазалык кызматы

Калктуу конуштардын тазалыгын камсыздоо жана санитардык абалды жакшыртуу багытында иш алып барат.

Таза суу

Калкты таза суу менен камсыздоо, суу түтүктөрүн тейлөө жана суу менен камсыздоо системасын көзөмөлдөө.

Жайыт жана айыл чарба багыты

Айыл чарба жана жайыт пайдалануу боюнча жергиликтүү деңгээлде тейлөө иштерин жүргүзүү.

Агын суу

Сугат жана агын суу боюнча жергиликтүү инфраструктураны тейлөө жана пайдаланууга көмөк көрсөтүү.

Жетекчи жөнүндө кыскача маалымат

Пирматов Альберт Нурмаматович 1987-жылдын 27-июнунда Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жылалды айылында туулган. Жогорку билимдүү, 2009-жылы Ош мамлекеттик университетин экономист адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу боюнча 2024-жылдын 17-ноябрынан тартып “Жылалды” муниципалдык ишканасынын жетекчиси болуп иштеп келет. Кыргыз жана орус тилдерин эркин билет.

Техникалык базасы

1Экскаватор
1Погрузчик
2МТЗ-89
1Шахман
1Мини Хово

Жогорудагы техникалар айыл өкмөтүнүн жана муниципалдык ишкананын кызматтык иштерин аткаруу үчүн колдонулат.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген