Төрт-Көл айыл аймагынын  айыл өкмөтүнүн  башкы адис- жер маселелери боюнча кызмат ордуна конкурс жарыялайт

Төрт-Көл айыл аймагынын  айыл өкмөтүнүн  башкы адис- жер маселелери боюнча кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар

(У-Б) (1 штаттык бирдик):

1) кесиптик билимдин деңгээли:

•   тийиштүү багыттагы жогорку билим (айыл чарба жана айыл чарба илимдери,  геодезия жана жерге жайгаштыруу,  автоматташтыруу жана башкаруу,  техносфералык коопсуздук жаратылышты жайгаштуруу жана  гидромерология, архитехтуцра жана курулуш , токой ресурстарын кайталап ондуруу жана кайра иштетуу,  гелогия, чалгындоо жана кендерди иштетуу багытындагы);

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

•   төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын Жер кодексин;

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Суу кодексин”;

 Кыргыз Республикасынын Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө  Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө”  Мыйзамы;

«Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 301 “Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндөгү жөнгө салуу жөнүндө” токтому билүүсү зарыл.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

•   билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

•   көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү;

аймактагы, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жер ресурстарын эсепке алуу, айыл чарба багытындагы эмес муниципалдык жерлерди, айыл чарба жерлерин натыйжалуу пайдалануу, жерлерди трансформациялоо, жер мыйзамдарын сактоону жана суу ресурстарын пайдаланууну контролдоо, айыл чарба жерлерин сугаруу маселелери, өсүмдүк өстүрүүчүлүк продукттарын кайра иштетүү, тоют даярдоо, үрөн чарбасы, өсүмдүк өстүрүүчүлүк продукттарын сатуу ж.б

     Талап  кылынуучу  документтер:

Жеке  арыз

Кадрларды эсепке алуу баракчасы  – 1 даана

4х6 өлчөмүндөгү сүрөт – 2 даана

эмгек китепчесинин көчүрмөсү ( нотариус аркылуу тастыкталган)

паспорттун көчүрмөсү

резюме

дипломдун көчүрмөсү ( нотариус аркылуу тастыкталган)

өмүр баян

Талапкерлер тиешелүү документтерди Төрт-Көл айыл аймагынын   айыл өкмөтүнө жарыя гезитке чыккан күндөн  баштап 10 жумушчу күндүн ичинде тапшырууңуздар зарыл.

Документтер жарыя  чыккандан  баштап  10  жумуш  күн ичинде  төмөнкү дарек боюнча кабыл  алынат:

Дареги: Өзгөн району Төрт-Көл айыл аймагынын  айыл өкмөтү А. Эсеналиева көчөсү № 12 Байланыш телефону:

 ( 0778) 090100

Муниципалдык кызматтын улук административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды (жалпы мыйзамдарды билүүгө) түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын ТИЗМЕСИ

 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

 2) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;

 3) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

 4) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

5) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

6) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген