Өзгөндө күнүнө 5 тонна күрүч таңгакталат: жаңы логистикалык борбор ишке кирди
2026-жылдын 6-июнь күнү Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагында күрүч таңгактоочу заманбап логистикалык борбордун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Каныбек Апбасов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл тургундары жана дыйкандар катышышты.
Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн жетекчилер айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү жана кошумча нарк жаратуучу мындай объекттердин аймактын экономикалык өнүгүшүндөгү маанисин белгилешип, борбордун ишке кириши жергиликтүү өндүрүүчүлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгилешти.
Долбоор тууралуу маалымат
Күрүч таңгактоочу логистикалык борбордун курулуш иштери 2025-жылдын август айында башталган. Курулуш иштерин ОсОО «Сансызбай» ишканасы жүргүзгөн.
Долбоордун жалпы сметалык баасы 14 миллион 790 миң 786 сомду түзгөн.
Каржылоо булактары:
- Ош облусун өнүктүрүү фонду – 10 миллион 225 миң сом;
- Өзгөн районун өнүктүрүү фонду – 2 миллион 565 миң сом;
- Жергиликтүү бюджет – 2 миллион сом.
Мындан сырткары, АРИС тарабынан ишке ашырылып жаткан CASA-1000 долбоорунун алкагында борбор үчүн жалпы суммасы 6 миллион 800 миң сомдук заманбап жабдуулар сатылып алынган.
Дыйкандар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр
Жаңы логистикалык борбор заманбап технологиялар менен жабдылып, суткасына 5 тоннага чейин күрүчтү тазалоого, сорттоого жана вакуумдук таңгактоого жөндөмдүү.
Борбордун ишке кириши менен Төрт-Көл айыл аймагындагы жана коңшу аймактардагы дыйкандар өздөрү өндүргөн күрүчтү жөн гана чийки зат катары эмес, рынокко даяр, сапаттуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү продукция катары чыгарууга мүмкүнчүлүк алышат.
Бул долбоор айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн кирешесин көбөйтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана аймактын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.
Төрт-Көл айыл өкмөтү айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык долбоорлорду колдоо жана калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча иштерди мындан ары да улантат.







