Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 «Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтому менен бекитилген «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого» ылайык, мыйзамсыз курулган же курулушу бүтө элек турак жайларды мыйзамдаштыруу боюнча жарандардан арыздарды кабыл алуу 2025-жылдын 1-июнунда токтотулат.
Жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келген, өз алдынча курулган же курулушу аяктай элек жеке турак үйлөрү бар жарандар белгиленген мөөнөткө чейин тиешелүү айыл өкмөтүнө же Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссиясына кайрылып, арыз тапшыруулары зарыл.
Жер мунапысынын негизги максаты – жарандардын турак жайларга болгон укуктарын мыйзамдаштыруу, мүлктүк укуктарын коргоо жана тиешелүү документтерди мыйзам талаптарына ылайык тариздөөгө мүмкүнчүлүк түзүү болуп саналат.
Урматтуу жарандар!
Жеке турак жайларыңызды мыйзамдаштыруу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбай, белгиленген мөөнөткө чейин тиешелүү документтериңиз менен кайрылып, арыз тапшырууну өтүнөбүз.
Кошумча маалымат алуу үчүн Төрт-Көл айыл өкмөтүнө кайрылсаңыздар болот.