Долбоордун аталышы:
Төрт-Көл күрүчтү кайра иштетүүчү, таңгактоочу жана логистикалык борборун куруу долбоору
Долбоордун максаты:
Өзгөн күрүчүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, кайра иштетүү жана таңгактоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле ички жана тышкы рынокторго экспорт көлөмүн көбөйтүү үчүн заманбап логистикалык инфраструктураны түзүү.
Долбоор тууралуу маалымат:
Төрт-Көл айыл аймагында күрүчтү кайра иштетүүчү, таңгактоочу жана логистикалык борборду куруу боюнча маанилүү долбоор ишке ашырылууда. Долбоордун негизги максаты — Өзгөндүн дүйнөгө белгилүү күрүчүн заманбап талаптарга ылайык кайра иштетип, сапаттуу таңгактап, экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү болуп саналат.
Бул багытта Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан бир катар иштер жүргүзүлүүдө. «CASA-1000» долбоорунун алкагында экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн акыркы үлгүдөгү заманбап жабдуулар сатылып алынган. Аталган жабдуулар күрүчтү сорттоо, тазалоо, таңгактоо жана экспорттук стандарттарга ылайык даярдоого мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору тарабынан жеңилдетилген шарттарда каржылоо каралып, күрүч өндүрүүчүлөрдү заманбап айыл чарба техникалары менен камсыздоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул иш-чаралар өндүрүш көлөмүн көбөйтүүгө, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана айыл чарба тармагындагы техникалык камсыздоону жакшыртууга өбөлгө түзөт.
Долбоордун алкагында тракторлор, комбайндар, экскаваторлор, жүк ташуучу унаалар, дары чачуучу дрондор жана күрүч эгүүчү атайын техникалар алынат. Натыйжада күрүч өндүрүүдөн тартып кайра иштетүүгө жана сатууга чейинки толук өндүрүштүк чынжыр түзүлүп, жергиликтүү дыйкандардын кирешесин көбөйтүүгө шарт жаралат.
Долбоор ишке ашкандан кийин жаңы жумуш орундары түзүлүп, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошот. Ошондой эле Өзгөн күрүчүнүн экспорттук потенциалы жогорулап, анын эл аралык рыноктогу атаандаштык мүмкүнчүлүгү кеңейет.
Каржы булагы:
- «CASA-1000» долбоору
- Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору
Долбоордун суммасы:
106 800 000 сом
Анын ичинде:
- 6 800 000 сом — экспортко багытталган заманбап жабдууларды сатып алуу;
- 100 000 000 сом — 1,5% жеңилдетилген насыя аркылуу айыл чарба техникаларын сатып алуу жана күрүч өндүрүшүн өнүктүрүү.
Долбоордун статусу:
Ишке ашырылууда.
Күтүлгөн жыйынтык:
- Күрүчтү кайра иштетүүчү жана таңгактоочу борбордун түзүлүшү;
- Өзгөн күрүчүнүн экспорт көлөмүнүн көбөйүшү;
- Айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугунун жогорулашы;
- Жаңы жумуш орундарын түзүү;
- Аймактын экономикалык өнүгүүсүнө кошумча салым кошуу.