Коррупцияга каршы күрөш – ар бир жарандын милдети

Images (1)

Коррупция – коомдун өнүгүшүнө олуттуу тоскоолдук жараткан, мыйзамдуулукту алсыраткан жана жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин төмөндөткөн терс көрүнүштөрдүн бири болуп эсептелет.

Коррупциялык аракеттер мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугуна зыян келтирип, социалдык адилеттүүлүктүн бузулушуна алып келет. Ошондуктан коррупцияга каршы күрөшүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Адистердин пикиринде, коррупцияга каршы күрөш системалуу, үзгүлтүксүз жана принципиалдуу негизде жүргүзүлүшү зарыл. Бул багытта мамлекеттик органдардын аракеттери менен катар ар бир жарандын жарандык жоопкерчилиги жана кайдыгер эмес мамилеси өзгөчө мааниге ээ.

Мыйзам бузууларга көз жумуп коюу же коррупциялык көрүнүштөрдү жашыруу коомдогу мыйзамдуулуктун жана адилеттүүлүктүн начарлашына алып келет. Ошондуктан ар бир жаран мыйзам бузууларга кайдыгер карабастан, коррупциялык фактылар жөнүндө тиешелүү мамлекеттик органдарга өз убагында маалымат берүүгө тийиш.

Ушуга байланыштуу жарандарды коррупциялык укук бузууларга күбө болгон учурда тиешелүү органдарга, анын ичинде Өзгөн райондук прокуратурасына кайрылууга чакырабыз.

Таза, ачык жана адилеттүү коомду куруу – мамлекеттик органдардын гана эмес, жалпы коомчулуктун жана ар бир жарандын биргелешкен милдети.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген