Төрт-Көл айыл аймагындагы Жылалды орто мектебинин жаңы имаратынын курулушу

635502727 1347413917413761 8138372508795144478 n

Долбоордун аталышы:
Жылалды орто мектебинин жаңы имаратынын курулушу

Долбоордун максаты:
Айылдагы билим берүү инфраструктурасын жакшыртуу, окуучуларга заманбап шарттарда билим алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу.

Долбоор тууралуу маалымат:
Жылалды айылындагы эски мектеп имаратынын ордуна 275 орундуу жаңы типтүү мектеп курулуп, пайдаланууга берилди. Жаңы билим берүү мекемеси заманбап окуу аудиториялары, китепкана, ашкана, мугалимдер үчүн бөлмөлөр жана көмөкчү жайлар менен камсыздалган.

Мектеп имараты бардык инженердик коммуникацияларга туташтырылып, таза суу, ысык жана муздак суу системалары, канализация, электр энергиясы жана жылытуу системалары орнотулган. Ошондой эле окуучулардын коопсуздугу жана билим алуусу үчүн зарыл болгон заманбап жабдуулар менен жабдылган.

Долбоордун ишке ашырылышы менен Жылалды айылынын окуучулары заманбап билим берүү шарттарына ээ болуп, окуу процессинин сапатын жакшыртууга өбөлгө түзүлдү.

Каржы булагы:
Республикалык бюджет

Долбоордун суммасы:
152 000 000 сом

Долбоордун статусу:
Аяктаган

Күтүлгөн жыйынтык:

  • 275 орундуу заманбап мектептин пайдаланууга берилиши;
  • Окуучулар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүнүн түзүлүшү;
  • Билим берүү инфраструктурасынын жакшыртылышы;
  • Айылдагы билим берүүнүн сапатынын жогорулашы;
  • Жаш муундардын сапаттуу билим алуусуна шарт түзүлүшү.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген