Айыл өкмөтүндө көчмө жеке кабыл алуу өткөрүлдү

WhatsApp Image 2026 10 13 at 23.

Кыргыз Республикасынын Президентинин №181 Жарлыгынын негизинде жарандардын мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, калктын көйгөйлөрүн жеринде угуу жана аларды ыкчам чечүүгө көмөктөшүү максатында Төрт-Көл айыл өкмөтү тарабынан көчмө жеке кабыл алуулар уюштурулду.

Көчмө кабыл алуулардын алкагында айыл аймагынын тургундары менен жеринде жолугушуулар өткөрүлүп, жарандарды түйшөлткөн актуалдуу маселелер талкууланды. Жолугушууларга айыл өкмөтүнүн жетекчилиги жана тиешелүү тармактар боюнча адистер катышып, тургундардын кайрылууларын угушту.

Кабыл алуу учурунда жарандар тарабынан жер маселелери, социалдык колдоо, жол жана инфраструктура, таза суу, ирригация, коммуналдык кызматтар, айыл чарба жана башка социалдык-тиричилик маселелери боюнча арыздар, сунуштар жана кайрылуулар айтылды.

Тургундар көтөргөн маселелер тиешелүү адистер тарабынан каттоого алынып, мыйзам чегинде чечүү жолдору боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Кошумча кароону талап кылган кайрылуулар тиешелүү адистерге жана кызматтарга жөнөтүлүп, алардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Мындай көчмө жеке кабыл алуулардын негизги максаты — жарандардын көйгөйлөрүн жеринде угуу, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды калкка жакындатуу, кайрылууларга өз убагында жооп берүү жана жергиликтүү бийлик менен тургундардын ортосундагы түз байланышты бекемдөө.

Төрт-Көл айыл өкмөтү мындан ары да айыл аймагынын калкы менен ачык диалог жүргүзүп, жарандардын сунуш-пикирлерин жана көйгөйлөрүн жеринде кароо боюнча иштерди улантат.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген