Энелер күнү Төрт-Көл айыл аймагында белгиленди

714044047 26933978719621035 3038302114663880231 n

Төрт-Көл айыл аймагында Энелер күнүнө карата салтанаттуу майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Майрамдык саамалыкка Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Максат Ибраимов, Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы, мекеме-уюмдардын өкүлдөрү жана айыл аймагынан келген 200дөн ашуун энелер катышты.

Иш-чаранын негизги максаты – энелердин коомдогу ордун даңазалоо, алардын үй-бүлө жана мамлекет алдындагы эмгегин баалоо, ошондой эле энелерге терең урмат-сый көрсөтүү болду.

Майрамдын жүрүшүндө энелер үчүн атайын сый тамак уюштурулуп, жергиликтүү маданият кызматкерлери жана өнөрпоздор тарабынан мазмундуу концерттик программа тартууланды. Улуттук ыр-күүлөр жаңырып, көркөм номерлер аткарылып, катышуучуларга жагымдуу маанай тартууланды.

Салтанатта сөз сүйлөгөн район акиминин орун басары Максат Ибраимов энелерди майрамы менен чын жүрөктөн куттуктап, алардын коомдогу орду өзгөчө экенин белгиледи.

Ал өз сөзүндө энелер үй-бүлөнүн куту, тарбиянын башаты жана коомдун бекем пайдубалы экенин айтып, өлкөнүн келечеги болгон уул-кыздарды тарбиялоодогу алардын салымы баа жеткис экенин баса белгиледи.

Ошондой эле ал бардык энелерге чың ден соолук, узак өмүр, бакубат жашоо жана үй-бүлөлөрүнө ынтымак-ырашкерлик каалады.

Майрамдык иш-чара жылуу маанайда өтүп, катышуучуларга жагымдуу таасир калтырды. Энелер уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдирип, мындай иш-чаралар коомдо үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөөгө жана энелердин кадыр-баркын көтөрүүгө чоң салым кошорун белгилешти.

Төрт-Көл айыл өкмөтү энелерге болгон урмат-сыйды арттырууга, үй-бүлөлүк баалуулуктарды чыңдоого жана коомдук ынтымакты бекемдөөгө багытталган иш-чараларды мындан ары да улантат.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген