Ош–Бишкек унаа жолунун Төрт-Көл айыл аймагындагы тилкесинде кеңири масштабдагы тазалык ишембилиги жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Аталган иш-чарага Ош мамлекеттик университетинин Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин эмгек жамааты жана студенттери жигердүү катышып, жол жээктерин жана коомдук жайларды таштандылардан тазалашты. Ишембиликтин жүрүшүндө айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоого өзгөчө көңүл бурулуп, жол боюндагы аймактар иретке келтирилди.
Мындан сырткары, колледждин окуу корпустарында дагы тазалык жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү. Студенттер жана окутуучулар тарабынан гүлдөр отургузулуп, бак-дарактар акталып, арыктар тазаланып, окуу аудиториялары иретке келтирилди.
Жүргүзүлгөн иштер билим берүү мекемесинин аймагын көрктөндүрүү менен катар студенттер үчүн ыңгайлуу жана жагымдуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болду.
Мындай демилгелер жарандардын экологиялык маданиятын жогорулатууга, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга жана тазалыкты сактоо боюнча жакшы үлгү көрсөтүүгө кызмат кылат.



