Доолборлор
- Башкы
- Доолборлор
Долбоорлор
Төрт-Көл айыл аймагында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) алкагында заманбап «Береке Базары» соода-логистикалык комплексин куруу долбоору ишке ашырылууда. Долбоордун негизги максаты — заманбап талаптарга жооп берген борбордук базарды куруу, соода инфраструктурасын жакшыртуу, жаңы жумуш орундарын түзүү жана аймактын экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү болуп саналат. Комплекс соода павильондорун, кампаларды, административдик имараттарды, автоунаа токтотуучу жайларды, коомдук тамактануу жайларын жана инженердик инфраструктураны камтыйт.
Башка
1,1млрд сом
Төрт-Көл
2026-2028-жыл
Долбоорлор
Төрт-Көл айыл аймагынын Жылалды айылында заманбап талаптарга жооп берген жаңы мектеп имараты курулуп, пайдаланууга берилди. Долбоордун алкагында окуучулар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз билим берүү чөйрөсү түзүлүп, бардык зарыл шарттар камсыздалды.
Республикалык бюджет
152 млнсом
Жылалды
2026 жыл
Долбоорлор
Төрт-Көл айыл аймагында Өзгөн күрүчүнүн экспорттук мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында күрүчтү кайра иштетүүчү, таңгактоочу жана логистикалык борбор курулууда. Долбоордун алкагында заманбап жабдуулар жана айыл чарба техникалары сатылып алынып, күрүч өндүрүүдөн тартып экспортко чейин толук өндүрүштүк чынжыр түзүлөт. Долбоор аймактын экономикасын өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана жергиликтүү дыйкандардын кирешесин жогорулатууга багытталган.
Донорлор / Грант
106800000сом
Төрт-Көл
Июнь 2026-жыл