Долбоордун аталышы:
Өзгөн борбордук «Береке Базарынын» курулушу
Долбоордун максаты:
Заманбап соода-логистикалык борбор түзүү аркылуу ишкердикти өнүктүрүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана соода кызматтарынын сапатын жогорулатуу.
Долбоор тууралуу маалымат:
Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизминин негизинде ишке ашырылып, жалпы аянты 14 гектар жерге заманбап соода комплексин курууну карайт. Комплексте соода павильондору, курулуш материалдары жана айыл чарба продукциялары үчүн өзүнчө секторлор, кампалар, техникалык тейлөө жайлары, коомдук тамактануу объектилери, намазкана, дарыкана жана административдик имараттар жайгаштырылат. Ошондой эле 500дөн ашык автоунаа үчүн токтотуучу жай каралган.
Долбоор ишке ашкандан кийин 250дөн ашык түз жана 1000ден ашык кыйыр жумуш орундары түзүлөт. Борбордук базар аймактагы соода жүгүртүүнү жогорулатып, жергиликтүү өндүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу соода аянтчасын камсыздайт.
Каржы булагы:
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) алкагындагы жеке инвестициялар – ОсОО «Альянс Инвест Групп»
Долбоордун суммасы:
1 100 000 000 сом (1,1 млрд сом)
Ишке ашыруу мөөнөтү:
2025–2028-жылдар (курулуш этабы – 3 жыл)
Долбоордун статусу:
Ишке ашырылууда.
Күтүлгөн жыйынтык:
- Заманбап борбордук базардын курулушу;
- 250дөн ашык түз жумуш орундарын түзүү;
- Соода жана логистика инфраструктурасын өнүктүрүү;
- Жергиликтүү бюджетке кошумча киреше булактарын түзүү;
- Аймактагы ишкердикти жана инвестициялык активдүүлүктү жогорулатуу.