Төрт-Көл айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялар агенттигинин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору менен биргеликте «Береке базар» рыногун реконструкциялоо» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча жеке өнөктөштү тандоо үчүн түз сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жөнүндө жарыялайт.
Долбоордун негизги максаты – «Береке базар» рыногун заманбап талаптарга ылайык реконструкциялоо, соода инфраструктурасын жакшыртуу, санитардык жана техникалык шарттарды жаңылоо, ошондой эле соодагерлер жана керектөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында рыноктун аймагын комплекстүү өнүктүрүү, заманбап соода павильондорун куруу, инженердик тармактарды жаңылоо, автотоктотмо жайларды уюштуруу жана кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатуу каралууда.
Түз сүйлөшүүлөр Кыргыз Республикасынын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Долбоорду кароо алкагында Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн кайрылуусу жана ОсОО «Альянс Инвест Групп» тарабынан сунушталган инвестициялык сунуш кабыл алынган.
Аталган сунуш боюнча долбоордун болжолдуу инвестициялык көлөмү 1 100 000 000 (бир миллиард жүз миллион) сомду түзөт.
Долбоорго катышууга кызыкдар болгон юридикалык жана жеке жактар өз сунуштарын жана катышуу ниетин 2026-жылдын 10-мартына чейин билдире алышат.
Байланыш маалыматтары
Дареги: Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Өзгөн району, Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтү, А. Эсеналиев көчөсү, 12-үй.
Телефон: +996 (774) 55-11-00
Төрт-Көл айыл өкмөтү бардык кызыкдар инвесторлорду жана бизнес өкүлдөрүн долбоорго катышууга жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өз салымын кошууга чакырат.