Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү боюнча ачык конкурс жарыялайт.
Бул демилге өлкөнүн өнүгүүсүнө өз салымын кошууну каалаган, жогорку билимдүү, жоопкерчиликтүү жана келечекке умтулган жаш адистер үчүн чоң мүмкүнчүлүк болуп саналат. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат – мамлекеттин өнүгүшүнө, жарандардын жашоо шарттарын жакшыртууга жана коомдук маанилүү чечимдерди ишке ашырууга түздөн-түз катышуунун натыйжалуу жолу.
Мамлекеттик жарандык кызматка коюлган талаптар
Талапкер төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:
• Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
• 21 жаштан жогору болууга;
• жогорку билимге ээ болууга;
• мамлекеттик тилди (кыргыз тилин) орто деңгээлде билүүгө;
• санариптик көндүмдөргө ээ болууга.
Муниципалдык кызматка коюлган талаптар
Талапкер төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:
• 18 жаштан жогору болууга;
• жогорку же орто кесиптик билимге ээ болууга;
• мамлекеттик тилди (кыргыз тилин) орто деңгээлде билүүгө;
• санариптик көндүмдөргө ээ болууга.
Кадрлар резервине кирүү тартиби
Конкурска катышууну каалаган талапкерлер документтерин «E-Kyzmat» мамлекеттик порталы аркылуу электрондук форматта тапшырышат. Бул үчүн талапкер аталган порталдан жеке кабинет ачып, каттоодон өтүшү зарыл.
Конкурстук тандоонун этаптары
Конкурс төмөнкү үч этаптан турат:
- Документтерди кабыл алуу жана кароо;
- Нормативдик укуктук актылар боюнча компьютердик тестирлөө;
- Онлайн же офлайн форматындагы маектешүү.
Бардык этаптардан ийгиликтүү өткөн талапкерлер мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине 3 жылдык мөөнөткө киргизилет.
Кийинчерээк бош кызмат орундарын ээлөө талапкерлердин рейтингине жараша жүргүзүлөт.
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү
2026-жылдын 2-мартынан 6-мартына чейин.
Конкурска катышууну каалаган жарандар документтерин белгиленген мөөнөттө тапшыруулары зарыл.
Кошумча маалымат
Конкурс тууралуу толук маалыматты Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын расмий сайттарынан жана «E-Kyzmat» мамлекеттик порталынан алууга болот.
Байланыш телефондору:
📞 0 (312) 62 04 12
📞 0 (312) 66 03 37
Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган жаш адистерди мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине катышууга чакырабыз!